Эн коп балалуу жаш уй-булого – белекке батир!

03-04-2018

“KG ГРУПП” курулуш компаниясынан Эң коп балалуу жаш уй-бүлого – белекке батир!

Сынактын негизги шарттары:

  1. Ата-эненин экоо тен Кыргызстандын жарандары болууга тийиш
  2. Жаш курагы 40 жашка чейин болуусу шарт
  3. Балдарынын баары бир никеден болуш керек
Кошумча шарттары:
- Өздөрүнүн үйү жок;
- Аз камсыз болгон;
- Майып;
- Атасы же энеси каза болуп калган;
- Балдарынын окуудагы жетишкендиктери бар үй-бүлөлөргө өзгөчө маани берилет.
Талап кылынган документтер:
1. Айыл өкмөтүнөн үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу справка
2. Социалдык коргоо кызматынан материалдык абалы тууралуу справка
3. Бардык балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, үй-бүлөнүн сүрөтү
4. Мамлекеттик каттоо кызматынан мүлкү тууралуу справка
Сынактын мөөнөтү:
2018-жылдын 15-мартынан 31-августуна чейин документтер кабыл алынат. Сентябрь айынын башында жеңүүчүгө сертификат тапшырылат.
Жеңүүчүнү ким тандайт?
Атайын түзүлгөн комиссия. Комиссиянын курамында “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын жетекчиси И.А.Ташов жана мугалимдерден, врачтардан, маданият өкүлдөрүнөн жана башка социалдык катмарлардан тандалып алынган көп балалуу адамдар болот.
Сертификатты тапшыруу аземи:

Чоң концерттин коштоосунда салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Кенен маалымат:

0 (312) 44 22 22, 0 (771) 44 22 22, 0 (705) 44 22 22 0 (772) 44 22 22